22:01
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

«Кыргызмунайзаттын» Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аракеттердин алкагында Беловодск мунай базасын «Кыргызмунайзатка» кайтарып берди.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды

2004-жылы Москва районунун Петровка айылында жайгашкан имараттарды жана курулмаларды (36 200 тонна сыйымдуулуктагы мунай продуктуларын сактоочу резервуарларды) камтыган 7,7 гектар аянтты ээлеген мунай базасы мамлекеттик кызматкерлердин ортосундагы сүйлөшүү аркылуу жогорулатылган баада жана тийиштүү тооруксуз мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Мунай базасы мамлекеттин менчигине кайтарылып алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар