Бишкек шаарында күз жана кыш мезгилине карата үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Даректер:
Октябрь районунда А. Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган. Учурда баш калкалоочу жайда оңдоо иштери жүргүзүлүп, төшөнчүлөр жана дары-дармектер сатып алынды. Ошондой эле бир жолку ысык тамак берүүгө мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылытуу мезгилине 10 тонна көмүр алынды.
Биринчи май районунун аймагында туруктуу негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган, жашаган жери жок 70 адамга ылайыкталган «Коломто» муниципалдык мекемеси иштейт. Баш калкалоочу жай Жибек жолу проспекти, 413 дарегинде жайгашкан. Анда күн сайын 70тен 100гө чейинки үй-жайсыз адам бир жолку тамак-аш жана түнөк алышат.
Ленин районунун аймагында «Боорукердик борбору» КФнын алдында оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдар жана балдар үчүн 45 адамга ылайыкталган баш калкалоочу жай иштейт, аларга бир жолку ысык тамак, түнөк, медициналык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт. Учурда борбордо 10 аял 12 баласы менен жашайт. Колдоо үйү Трудовая көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан.


