18:29
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Өзгөндөгү жаңы археологиялык жайлар мамлекеттик коргоого өткөрүлдү

Министрлер кабинети «Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизди. Тиешелүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, Өзгөн музей-коругуна жаңы археологиялык мурас объектилери өткөрүлүп берилүүдө.

Анын ичинде:

  • үч күмбөз;
  • мунара;
  • биринчи шаарынын (Саид Бурхониддин Кылыч күмбөзү);
  • 3,5 гектар корук аймагы.

Мындан тышкары, 0,12 гектар аянттагы жерде казуу иштери жүрүп жаткан экинчи шахристандын археологиялык жайы (Н. Азнабакиев атындагы парк) да музейге өткөрүлүп берилет.

Документте белгиленгендей, чечим Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Консервациялоо, реставрациялоо жана музейлештирүү иштери Өзгөн шаарынын мэриясы жана Ош облусунун райондук администрациясы менен биргеликте жүргүзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар