Учурда көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» ишканалары тарабынан кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө калды.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.


