18:22
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Эртең менен Кыргызстан боюнча 3 баллдык жер титирөө болду, бирок ал сезилген жок

Бүгүн, 4-ноябрда саат 7:04тө сейсмологдор эпицентринде 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча болжол менен 3,0 баллдык жер титирөөнү катташты.

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн эпицентри Алай тоолорунда, Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түндүк-батышта, Кара-Өтек айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта жана Оштон 87 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар