ЭлТР Улуттук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Эрлан Догдурбеков мурунку эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин экинчи беш жылдык мөөнөткө кайрадан дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
 
                
                  Фото Президенттин басма сөз кызматы. Эрлан Догдурбеков ЭлТРдин башкы директору болуп кайрадан дайындалды
                
              Анын жетекчи катары экинчи мөөнөткө дайындалышы — анын өз командасы менен тыгыз иш алып баруудагы чеберчилигинин, эмгек жамаатын ынтымакта жана жоопкерчилик менен башкаруу жөндөмүнүн, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүгүндөгү жогорку натыйжалары экендиги белгиленди.
Жетекчилик Эрлан Догдурбековду ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматындагы экинчи мөөнөткө дайындалышы менен куттукташты



 
  
  
 