Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 79 миллион сомго жаңы бала бакча курулат. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Порталдын маалыматы боюнча, Баткен аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы Суу-Башы айылдык округунун Жаңы-Достук айылында бала бакча куруу боюнча тендер жарыялаган.
Долбоордун баасы 78,8 миллион сомду түзөт.
Арыздар 2025-жылдын 12-ноябрына чейин кабыл алынат. Кепилдик депозит сунушталган сумманын 2 пайызын түзөт.



 
  
  
 