Күндүн батышы, чаң, ат жана кыз... Эркектер улак тартышкан талаада 18 жаштагы орловкалык Раиса Ерошкина күч — катаал күрөштө эмес, өжөрлүктө, өнөрдү сүйүүдө экенин далилдеп келет.
Раиса — Кыргызстанда көк бөрү тарткан алгачкы айымдардын бири.
Орловкада күндүн батышы капыстан башталат — кимдир бирөө асманды тескери буруп, талаага алтын чачкандай болуп көрүнөт. Жолдун үстүндөгү чаң жарыктын шоолалары менен жуурулушуп, жылтылдайт. Аттардын көлөкөлөрү өрөөндө керилип жатат. Мындай табигаттын көркөм көрүнүшүндө Раиса чыга келет, 18 жаштагы кыз өлкөнүн эң популярдуу оюнун ойноп жатат. Ийнинде эски ээр, колунда көөнөргөн каска.
Ал атын көздөй басып баратканда, айланасындагылардын баары тынчып калат. Тынчтыкты үзөңгүнүн добушу жана алыстагы иттердин үргөнү гана бузат.
«Мен Орловкадан болом. Бул жерде иштейм, ушул жерде жашайм. Убактымдын көбүн аттарым менен өткөрөм. Аларсыз абасыз калгандай болом», — дейт кыз.
Коркуу адатка айланганда
Раиса биринчи жолу беш жашында ат минген. Адегенде коркуу, анан кумар жана сүйүү.
«Апам алгач атка мингизгенде, мен ыйлай жибере жаздадым. Бирок андан кийин коркуу сезими кетти. Ошондон баштап баары башталды», — деп эскерет ал.
Бирок Раиса «көк бөрү эркектерге гана эмес, күчтүү аялдарга да жарашат», — деп ишенет.
Ошондон бери Раиса көк бөрү боюнча көрүнүктүү инсандардын бирине айланды. Анын TikTok жана Instagram баракчаларындагы видеолору он миңдеген көрүүлөргө ээ. Элдер " Сенин ат мингениң укмуш, биз дагы антип чаба албайбыз«, — деп жазышат.
Ал жылмайып: «Бул сонун. Бирок мен болгону сүйгөн нерсем менен алектенип жатам», -дейт
Хан эч нерседен коркпойт
Күн батып баратканда ат сарай жандуу көрүнөт: пардалар шамалга серпилип, бир жерде ат кишенейт. Дарбазанын артынан сарала айгыр чыгат. Бул Хан — ай туяктан жылкы улук дегендей булчуңдуу, дулдул, кара жалы бар.
«Ал мени сезет. Нерв болсом -токтоо. Ачуу болсом — ыкчам болуп калат. Кээде жыгылып кете жаздаганда, бир кадам алдыга жасап, куткарып калат» дейт.
Алардын ортосунда дээрлик адамдык байланыш бар. Ал аны менен дос катары сүйлөшөт.
Ат адамдардан жакшы. Алар баарын түшүнүшөт жана эч качан сатып кетишпейт.
Раиса Ерошкина, Улакчы
Хан кошурат, күн батымындагы алтын нурларында анын капталы жездей чагылып турат.
Кыз талаага чыкканда...
Орловканын жанындагы чаңдуу талаа. Эркектер бир айланпага чогулуп, тамашалашып, талашып-тартышып отурушат. Раиса ээрин бекем кысып, бир кыймыл менен атка секирип минет. Ошол учурда күн тегиз тийип, бүт талаа чайырга айлангансыйт.
«Качан мен талаага чыкканымда баары жок болот. Мен, ат жана улак гана калат. Ал жерде ойлонууга болбойт, болгону сезесиң», — деп түшүндүрөт спортчу.
Калыстын ышкырыгы жаңырды жана...
Эл күркүрөйт, атырылган туяктар чаңдарды асманга сапырат. Раиса ортодон суурулуп, улакты ээрге бекем кысат. Ат улам умтулуп, орой оюнга көнүп калган улакчылар ирмемде жол бошотушат.
Кийинчерээк алардын бири айтат: «Биз аны жөн эле кыз деп ойлогонбуз. Бирок ал мыкты оюнчу болуп чыкты».
Оюндан кийин жымжырттык жана чай...
Оюн бүткөндөн кийин талаа бош калат. Раиса шлемди чечип, өрүлгөн чачын кое берет, жүзүндө чаң, көздөрү жайбаракат карайт. Ал үйгө кайтып келет, ал жерде терезеде жарык күйүп турат. Апасы жайбаракат тосуп алат.
«Мен башында коркчуумун» дейт апасы Светлана Сергунина. «Ар жолу «жыгылып калат» деп ойлоочумун. Бирок, эми — бул анын жашоосу экендигин көрүп турам. Болгону кызым жабыркабасын деп кудайдан миң-мертебе тилейм».
Раиса терезенин жанында отуруп чай куюп жатат: «Апам менин эң негизги колдоочум. Жада калса Хандан да күчтүү», — деп жылмайды. Ал кандайдыр бир жарат алганда апасы абдан кайгырат. Бирок, Раиса апасынын ишеними болбосо, талаада ийгилик болбой турганын жакшы билет.
Эч нерседен коркпогон кыз...
Азыр Орловкада эки кыз ойноп жатат. Алар өздөрүн жөн эле «улакчы кыздар» деп аташат.
«Мен Раянын аркасы менен ойной баштадым. Ал жанымда, мени шыктандырып турат. Аны менен бирге аялдар да эркектер сыяктуу эле мыкты оюнчу боло аларын түшүндүм», — деп бөлүштү кыз.
Раиса талашпайт, мактанбайт дагы: «Эң башкысы — коркпош керек. Анан ишенүү зарыл. Калганынын баары боло берет».
«Атты башкарууну алгач өзүм үйрөнгөнүмдө көптү түшүндүм, болду анан... Мага башка эч кимдин жардамынын кереги жок. Баарын өзүм эле кыла алам», — дейт Рая.
Ал Ханды эркелетип, акырын анын кулагына бир нерсени шыбырады. Үзөңгүгө бутун коюп, отурат.
«Азырынча турмушка чыккым келбейт. Мен ойногум келет, жашагым келет. Апамды сыймыктандыргым келет», — дейт ал.
Эпилог
Раиса күн батымында баратканда, анын артынан бүт талаа дуулдап жаткандай сезилет. Аттын туяктарынын дабышынан аба дагы эле титирейт, электр зымдарынан канаттуулар учуп, алыстан кайдагы бир жерде көк бөрүнүн символу болгон желектин желбиреп турганы сезилет.
Ал дүйнө менен күрөшпөйт, чек араны бузбайт. Ал жөн гана өз жолу менен баратат — күчтүү аял, назик жана эркин.
Орловкалык Раиса жөн эле улакчы эмес. Ал өлкөнүн символу. Бардык стереотиптерге, бейкалыс пикирлерге жана кыйынчылыктарга карабастан Раиса далилдеп келет: Кыргызстан жана анын эли ар дайым эркиндикти жана өзгөрүүгө карай аракеттерди аркалап келет...


