21:06
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Шайлоо-2025: Бүгүн талапкерлердин арыздарын кабыл алуу аяктайт

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүн, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат.

Бүгүнкү күнгө карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 559ду түздү.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар