Ушул жылдын тогуз айында өлкө бюджетине уруксаттарды берүүдөн жана айып пулдарды төлөөдөн, жүктөрдү таразалоо, зыяндын ордун толтуруудан 861 миллион 192 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсе көп, андагы киреше 202 219 000 сомду түзгөн.
Мекеме кошумчалагандай, Кыргызстан эл аралык ташуулар үчүн 41 өлкөдөн 188 000 уруксат алган. Уруксаттар ортомчулардын катышуусуз электрондук түрдө каралат.


