Ушул дем алыш күндөрү Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу синоптиктердин божомолу:
30-октябрда асман жарым-жартылай булуттуу болот деп күтүлүүдө. Түнкүсүн температура 5°C чейин төмөндөйт, ал эми күндүзгү температура 19°C чейин жетет.
31-октябрда жана 1-ноябрда күн ачык болот деп күтүлүүдө. Түнкүсүн температура 5°C тегерегинде, ал эми күндүзгү температура 20°C чейин жетет.
2-ноябрда асман жарым-жартылай булуттуу болот деп күтүлүүдө. Түнкүсүн температура 4°C чейин, ал эми күндүзгү температура 19°C чейин жетет.


