Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча Улуттук штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин отчеттору угулду.
Штаб кезексиз парламенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 34 өлкөдө 100 шайлоо тилкелери ачылаарын белгиледи. Тиешелүү мекемелер учурда адистерди окутуп, жабдууларды сынап, эл аралык байкоочуларды чакырып жатышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлдеги шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Данияр Амангелдиев алдыдагы шайлоо республиканын демократиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү этап экенин баса белгиледи.
«Чет өлкөлөрдө жүз миңдеген мекендештерибиз жашайт жана алардын ар бири добуш берүүгө укуктуу. Мамлекет алардын катышуусун камсыз кылууга милдеттүү. Негизги милдет — шайлоону ачык, мыйзамдуу жана коопсуз өткөрүү, ошондо ар бир жарандын добушу эсептелет», — деди ал.


