18:28
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.10

УКМКнын жаш жоокерлери ант берди

УКМКнын аскер бөлүктөрүнүн биринде «Күз-2024» мөөнөттүү аскердик кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик анты берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, жаш жоокерлерди куттуктап, ар бир аскер кызматкери мекен алдындагы милдетин татыктуу аткарышы керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын күзүндө армияга чакырылган аскер кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Күжүрмөн даярдык борборунда окуудан өтүшкөн. Курстан кийин аларга биринчи офицердик наам — запастагы лейтенант ыйгарылган.

«Мамлекеттин туруктуулугу үчүн жоопкерчиликти алган ар бир адам жүрөгүндө өчпөс от менен элге жана өз мекенине кызмат кылышы керек», — деп баса белгиледи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Ал ошондой эле лейтенант наамы берилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн «Жетиген» согуштук даярдоо борборунун бүтүрүүчүлөрүн куттуктады.

«Эң негизги талап — алган наамыңызга татыктуу болуу жана ар-намыс менен кызмат кылуу», — деди Камчыбек Ташиев.

Эң көп окулган жаңылыктар