16:41
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Бишкекте ЖККУнун саммити ноябрь айында өтөт

Ноябрь айында Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов билдирди.

Анын айтымында , аймактык, таза евразиялык консолидациянын экинчи форматы — бул ЖККУ болуп саналат. «Келерки айда жыйыны Бишкекте өтө турган бул уюм саясий координациялоо, биргелешкен аскердик операциялар жана машыгуулар, ошондой эле терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, киберкылмыштуулук, адам сатуу, мыйзамсыз миграция жана мыйзамсыз курал-жарактарды сатуу сыяктуу коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн платформа катары натыйжалуу », - деди ал

Алексей Шевцов уюм мүчө мамлекеттердин ортосундагы жамааттык коопсуздук жана өнөктөштүк аркылуу евразиялык мейкиндикте туруктуулукту жана тынчтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөөрүн билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар