Талас облусунун Манас районундагы Семетей айылында мыйзамсыз кум жана шагыл казуу аныкталды. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, М.Э.Б. аттуу жергиликтүү жаранга карата КРнын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 13 000 сом айып пул салынды.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамда мыйзамсыз кен казуу, балык уулоо жана башка экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралганын эске салды.


