14:18
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Кыргызстандын бюджет кирешелеринин кескин өсүшү байкалууда

Кыргызстан улуттук бюджеттин кирешелеринин кескин өсүшү байкалууда. Бул Каржы министрлигинин маалыматтарында белгиленген.

2025-жылдын январынан сентябрына чейин республикалык бюджеттин кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,2 пайызга өскөн. Ал кезде киреше 304 миллиард 316,3 миллион сомду түзсө, азыр 429 миллиард 742,5 миллион сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин салык кирешелери 286 миллиард 883,1 миллион сомду түздү.

Өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин кирешеси 416 миллиард 855,8 миллион сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар