19:40
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: спортчулардын парад кийимдерине сынак жарыяланды

Кыргыстан Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулар үчүн параддык формалардын эң мыкты дизайны боюнча сынак жарыялады.

Маалыматка ылайык, сынакта параддык кийимдин улуттук өң-түстөргө айкалышын, көчмөндөр оюндарынын символикасын жана рухун чагылдырган, заманбап талаптарга жооп берген, ыңгайлуу жана көркөм, оригиналдуу дизайн аныкталат.

Сынакка дизайнерлер, модельерлер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле автордук иштеп чыгуулары бар чыгармачыл жамааттар катыша алышат.

Дизайнда параддык форманын толук комплекси камтылышы керек. Буга баш кийим, үстүнкү кийим, шым (эркектер үчүн) жана көйнөк (аялдар үчүн) кирет;

Кийим улуттук стилде жасалып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фирмалык символикасынын элементтерин камтышы керек (бекитилген бренд-букка ылайык);

Материалдар негизинен табигый (пахта, жүн, зыгыр, жибек), кийүүгө ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек;

Сынак эки этапта өткөрүлөт:

Тандоо — концепциянын сүрөттөлүшү менен эскиздерди көрсөтүү;

Финалдык — эркектердин жана аялдардын кийимдеринин даяр үлгүлөрүн көрсөтүү.

Баалоо критерийлери:

  • Идеянын жана көркөм чечимдин оригиналдуулугу;
  • Сынактын темасына жана талаптарына ылайык келүүсү;
  • Аткаруунун жана колдонулган материалдардын сапаты;
  • Образдын эстетикасы жана бүтүндүгү.

Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат:

• I орун — 150 миң сом;

• II орун — 100 миң сом;

• III орун — 80 миң сом.

"Эң мыкты эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн. Тандалып алынган эмгектердин автордук укугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына өтөт",- деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышууну каалагандардын арыздары 17-ноябрга чейин кабыл алынат. Иштер электрондук түрдө жана кагаз жүзүндө кабыл алынат. Байланыш дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү № 17. Тагыраагы, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы. Байланыш номуру: +996 500 059311. Электрондук почта: [email protected]

Эң көп окулган жаңылыктар