23:24
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Этият болуңуздар: телефон аркылуу алдамчылык учурлары көбөйдү

Акыркы убакта Кыргызстандын жашоочуларына шектүү чалуулар байма-бай келип жатат. Эң көп таралган сценарийлердин бири — чалган адам өзүн уюлдук оператордун кызматкери катары тааныштырып, келишимди узартуу же номерди бөгөттөө коркунучун айтып, SMSтен келген кодду тез арада айтууну суранат. Ишенбеңиз, булар шылуундар!

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору эскертет: компаниянын чыныгы кызматкерлери эч качан SMSтен келген коддорду сурашпайт. Сизге келишимди узартуунун кереги жок, ал эми сиздин номериңиз олуттуу себепсиз бөгөттөлбөйт. Мындай амалдарды сиздин аккаунттарыңызга же эсептериңизге жетүүгө аракет кылган шылуундар гана колдонушат.

Кара ниеттердин курмандыгы болуп калбоо үчүн, жөнөкөй эрежелерди сактагыла:

  • SMS аркылуу келген кодду эч кимге бербегиле;
  • Шектүү шилтемелер аркылуу өтпөгүлө;
  • Коркутуу, кысым көрсөтүү же талап коюу менен келген чалууларга ишенбегиле.

Эгерде алдамчылык болуп жатат деп шектенсеңиз, Beeline байланыш борборуна *611 номери аркылуу кайрылыңыз. Компания ар бир учур боюнча кылдат текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрөт.

Beeline Кыргызстан өз кардарларынын жеке маалыматтарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Компания маалыматтарды коргоонун жогорку деңгээлин тастыктаган ISO/IEC 27001 эл аралык стандарты боюнча сертификациядан өттү. Заманбап технологиялар жана ички катуу жол-жоболор коркунучтарды азайтууга мүмкүндүк берет, ал эми абоненттердин сергектиги жана маалымдуулугу телефон аркылуу алдамчылык кылуучуларга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбайт.

Сак болуңуз жана жакындарыңызга алдамчылардан кантип сактануу керектигин айтып бериңиз. Сиздин маалыматтарыңыз ишенимдүү коргоодо болсун.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.

КРнын СӨМне караштуу БТЖСККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.

Эң көп окулган жаңылыктар