17:31
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.09

Садыр Жапаров «Асман Резиденс-4» турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман Резиденс-4» турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Асман Резиденс-4» Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Комплекс тогуз кабаттуу 12 турак жай блогунан турат, аларда 945 батир бар. Жер астында 172 жана жер үстүндө 514 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы жана воркаут-зона каралган.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ушул жылдын алгачкы тогуз айында кезекте турган жана батирдин баасынын 50 пайызын үлүштүк курулуш аркылуу төлөгөн 3621 жаранга субсидияланган турак жай берилгенин белгиледи.

Президент үстүбүздөгү жылдын 9 айында үйгө муктаж болуп, кезекке турган жана үлүштүк курулуш механизми менен 50%ын берген 3 621 жаранга батир берилгенин баса белгиледи.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталы — 2015-жылы 10 млн сомду түзсө, быйыл ал 87,5 млрд сомго чейин өстү.Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, «Түндүк» мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши кезектин автоматташтырылышына жана коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү. Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат", — деди мамлекет башчысы.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров Манас шаарындагы М. Бабкин атындагы № 1 мектептин мугалими Сейдеке Эргешовага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

Андан соң мамлекет башчысы турак жай комплексинин инфраструктурасы менен таанышып, батирлерди көрүп чыгып, жашоочулар менен баарлашып, аларды жаңы конушу менен куттуктады.

Эң көп окулган жаңылыктар