17:56
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.09

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күзгү буудай себүү эмне үчүн пайдалуу экенин түшүндүрдү.

Ведомстводон белгилешкендей, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу экендигин белгиледи.

  • Эмне үчүн күздүк буудайды тандоо пайдалуу
  • Жогорку түшүмдүүлүк — жогорку киреше

Күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20% га чейин көбүрөөк түшүм берет. Жогорку түшүм — жогорку киреше. Сапаттуу данга суроо-талап дайыма жогору бойдон калат.

Эрте бышат

Күзүндө себилген буудайдын вегетациясы жаздык буудайга салыштырмалуу эрте башталып, эрте бышат. Бул экинчи түшүм алуу же талааны эрте бошотуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Кургакчылыкка туруктуу

Күзүндө топуракта жазга салыштырмалуу көбүрөөк ным болот. Бул фактор үрөндүн жакшы өсүп чыгышына жана тамырынын тереңден кармалышына өбөлгө түзөт.

Азыкты топтоо

Күздүк эгиндер күзгү жаан-чачынды жана жылуулукту пайдаланып, азыктандыруучу заттарды топтоого жетишет, бул алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары күзүндө отоо чөптөр азыраак болуп, бул аларга каршы күрөштү жеңилдетет.

  • Жаздагы жумушту азайтуу менен убакытты туура пайдалануу
  • Күздүк себүү жаз айларындагы башка маанилүү иштерди өз убагында аткарууга шарт түзүп, айыл чарба жумуштарынын жүгүн азайтат.
Эң көп окулган жаңылыктар