19:31
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Шайлоо −2025. Үгүт эрежелерин бузган соцтармак колдонуучуларына айып пул салынды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мыйзамдарынын бузулушу маселесин карап чыкты.

БШКдан маалымдашкандай, жумушчу топ социалдык медиа жана маалымат агенттиктеринин веб-сайттарын мониторинг жүргүзүү учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгын көрсөткөн басылмаларды аныктады.

— Facebook социалдык тармагындагы Бакмурат Токтогуловдун жеке баракчасында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жана талапкерлердин кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды тараткан посттор жайгашкан;

— Facebook социалдык тармагындагы Айбек Теңизбай, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркуловдун жеке баракчаларында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган посттор жарыяланган;

— Социалдык тармактарга № 18 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Карим Ханджеза Лемзарович тууралуу материалдар жарыяланып, шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланган посттор жайгашкан;

— Facebook социалдык тармагындагы Айбек Теңизбайдын жеке баракчасында № 23 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Канат Зерликович Хасанов жөнүндө жарыяланган посттор шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланган.

Жумушчу топ Айбек Теңизбай, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасанов жана Бакмурат Токтогуловду шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштаган.

БШКдан белгилешкендей, жумушчу топтун чечимин эске алуу менен жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамды жетекчиликке алып, Укук бузуулар кодексине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

— Бакмурат Токтогуловго шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы жана талапкерлер жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жалпы 7500 сом жана 12000 сом өлчөмүндө айып пул салынды;

— Ал эми Айбек Теңизбай, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасановдорго шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактын колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар