18:39
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектеги Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында суу болбойт

Бүгүн, 28-октябрда турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы:

  • Мурас-Ордо турак жай конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин;
  • Калыс-Ордо турак жай конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин.

Өчүрүү Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо суу алуучу жайларындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Мэриянын уруксаты менен берилди
Фото Мэриянын уруксаты менен берилди

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар