19:56
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.09

Минкаб 2026-жылга минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 3280 сом деп белгиледи

Кыргыстандын Министрлер кабинети келерки жылга минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 3280 сом деп белгиледи. Бул көрсөткүчтөр Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө берилген 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга карата республикалык бюджетте камтылган.

Министрлер кабинетинин эсептөөлөрүнө ылайык, 2027-жылга минималдуу эмгек акы 3608 сом, ал эми 2028-жылга 3968,8 сом өлчөмүндө белгиленген.

Белгилей кетсек, бул сандар кадимки жумуш шарттарында жөнөкөй тапшырмаларды аткарып, толук стандарттык жумуш убактысында иштеген квалификациясы жок кызматкердин айлык эмгек акысын билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар