17:31
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Садыр ЖапаровТрамптын чакыруусу менен Вашингтондогу C5+1 саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган Борбордук Азия жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекет башчыларынын C5+1 саммитине катышат. Бул маалыматты мамлекет башчысынын басма сөз кызматы 24-kg.com агенттигине тастыктады.

«АКШнын президенти Дональд Трамптын Борбордук Азия жана АКШнын мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусуна Садыр Жапаровго жолдогон чакыруусу ыраазычылык менен кабыл алынды. Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга жумушчу сапарына даярдык көрүү боюнча иштеп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, C5+1 (Борбордук Азия + АКШ) жолугушуусу аймактык коопсуздукту, экономикалык кызматташтыкты жана эл аралык саясатты талкуулоо үчүн аянтча болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар