04:59
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Лионель Месси «Интер Майами» менен келишимин 2028-жылга чейин узартты

«Интер Майами» клубу аргентиналык чабуулчу Лионель Месси менен келишимин узартканын жарыялады. 38 жаштагы чабуулчунун жаңы келишими 2028-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лионель Месси америкалык клубда 2023-жылдын июль айынан бери ойноп келет.

«Мен бул жерде калып, бул долбоорду улантып жатканыма абдан кубанычтамын. Майамиге келгенден бери мен абдан бактылуумун, андыктан бул жерде ойноону улантканыма чындап кубанычтамын», — деди Месси.

Аргентинанын мурунку келишими 2025-жылдын 31-декабрында аяктайт.

Эске салсак, Лионель Месси 2023-жылдын жайынан бери Интер Майамиде ойнойт. Аргентиналык буга чейин Лигалар Кубогун (2023), MLS кезектеги сезонун (2024) жеңип алган жана команда менен АКШ Кубогунун финалына чыккан. Түндүк Американын Жогорку футбол лигасынын (MLS) учурдагы сезонунда Месси кезектеги сезондун эң мыкты бомбардирине ыйгарылган «Алтын бутса» сыйлыгын жеңип алды. Аргентиналык оюнчу 29 гол киргизип, клубдун тарыхында гол киргизүү титулун жеңген биринчи оюнчу болуп калды. Бардыгы болуп Месси «Интер Майами» үчүн бардык мелдештерде 82 беттеш өткөрүп, 71 гол киргизип, 37 ассист берген.

Эң көп окулган жаңылыктар