05:22
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

«Рулда» рейдди: Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 61 айдоочу бир суткада кармалды

«Рулда» аттуу кеңири көлөмдөгү рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 61 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуулар катталды:

  • 15 айдоочу — мас абалында унаа башкарган;
  • 14 айдоочу — укук берилбестен алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан;
  • 45 жөө жүргүнчү — жолду уруксат берилбеген жерден өткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Жыйынтыгында ар түрдүү мыйзам бузуулар үчүн 359 унаа айып короого токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого, жолдо этият жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар