Бүгүн, 24-октябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин CR-1 кызматкерлери Гоголь көчөсүндөгү ысык сууну убактылуу өчүрүүчү секириктерди демонтаждоо иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Ысык суу төмөнкү даректерде жок болот:
- Гоголь көчөсү, № 114, 116, 116/1, 116/2, 133 (медпункт), 179, 191 имараттар;
- Михаил Фрунзе көчөсү, № 300, 423, 425, 425/4, 429б имараттары («Достук» мейманканасы);
- Жумабек көчөсү, № 64, 79/1 (бала бакча), 83 имараттар;
- Семашко көчөсү, 5, 7, 9-имараттар.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарына убактылуу ыңгайсыздыктарды билдирип, түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет.


