17:06
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.07

IV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталды

Келерки жылдын июнь айында өтө турган IV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек Эл аралык Кинофестивалы — Кыргыз Республикасында жана Борбор Азияда өткөрүлүүчү эң ири иш-чара. Ал жыл сайын 30дан ашуун мамлекеттен келген режиссёрлорду, продюсерлерди, дистрибьюторлорду, журналисттерди жана маданий институттардын өкүлдөрүн бириктирет.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 159 Жарлыгына («Улуттук кино индустриясын өнүктүрүү жана мамлекеттик колдоону өркүндөтүү чаралары жөнүндө») ылайык уюштурулат.

Борбор Азия конкурсу — Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда тартылган эң мыкты фильмдер бир сынакта ат салышат.

Негизги сыйлыктар:

  • Гран-при «Эң мыкты фильм» (продюсерге) — 500 000 сом
  • Эң мыкты режиссёр — 400 000 сом
  • Эң мыкты актриса / актёр — 300 000 сом
  • Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — 300 000 сом (операторлорго, сценаристтерге, композиторлорго же сүрөтчүлөргө өзгөчө чыгармачылык жетишкендиктери үчүн)

Фестивалдын программасы:

Фестивалдын программасына конкурс жана конкурссуз көрсөтүүлөр, мастер-класстар, студенттик программалар, CAF Pitch долбоорлорунун питчинги, дискуссиялык панелдер жана атайын индустриалдык иш-чаралар кирет.

Ар жылы Бишкек Эл аралык Кинофестивалына дүйнөнүн булуң-бурчунан 150дөн ашык режиссёрлор, продюсерлер жана кино тармагынын эксперттери келишет.

2026-жылдын июнь айында Бишкек кайрадан кино өнөрүнүн жана чыгармачылык дүйнөнүн борборуна айланат — бул жерде Чыгыш менен Батыш жолугат, жаңы үн, жаңы тарыхтар жаралат, ал эми кино маданияттарды бириктирет.

Эң көп окулган жаңылыктар