16:45
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

УКМК башчысы КР Эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго батир белек кылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды.

УКМКдан маалымдашкандай, буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгон. Анын көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу Камчыбек Ташиевге жөнөтүлгөн.

Ага ылайык, Хабибилла Азиреткуловдун оор турмуштук жагдайын жакшыртууга көмөк көрсөтүү иретинде Бишкек шаарынын кичи райондорунун бириндеги 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында иштеп, ушул күнгө чейин турак жайлуу болгон эмес. 8 баласынын төртөө бойго жетелектер. Учурда ал борбор калаадагы орто мектептердин биринде музыка мугалими болуп эмгектенет.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн президентинин тапшырмасына ылайык, УКМКнын жетекчилиги бардык тармактардын, анын ичинде маданияттын муктаждыктарын канааттандырууга басым жасап жатат.

Быйыл УКМКнын төрагасы КамчыбекТашиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине спорт залды пайдаланууга берип, жаңы, заманбап окуу корпусунун курулушу башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
22-октябрь, шаршемби