20:51
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.07

Борбор калаада бир күндө 50 айдоочу күбөлүгү жок кармалды

2025-жылдын 21-октябрынан баштап Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын эрежелерин бузуунун алдын алууга багытталган масштабдуу иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө Жол кайгуул кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылын эффективдүү көзөмөлдөөгө жана эреже бузгандарды ыкчам аныктоого шарт түзгөн убактылуу жолду тарытууда.

Рейддин биринчи күнүндө төмөндөгүлөр аныкталды:

• 12 айдоочу мас абалында;
• 18 айдоочу ыйгарым укуктуу органдын уруксатысыз алдыңкы каптал айнектери караңгылатып алган;
• 8 айдоочу жол эрежесин көрсөтмөлүү түрдө бузган(айдоочулук бейбаштык);
• 50 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөн;
• Жол эрежесин бузган 51 жөө жүргүнчү.

Мындан тышкары ар кандай эреже бузуулар үчүн 324 унаа айып жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар