23:25
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.07

Ош шаарында өрт кырсыгынан 6 адам каза болду

Ошто өрт чыгып, алты адам каза болгонун шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт түнкү саат 03:30дар чамасында Жибек-Жолу кичи районундагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жер төлөсүнөн чыккан. Жалын чатырга өткөндө кошуналар өрттү байкап, тез жардам кызматын чакырышкан.

Өрт өчүрүүчүлөр келгенче имараттын ичинен сөөктөр табылган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, сөөктөрдүн арасында 34 жаштагы аял жана анын кичинекей баласы болгон.

Окуя болгон жерде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев баштаган милиция, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мекемелер иштеп жатат.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар