УКМК кызматкерлери соттолуучунун атасынан акча талап кылган деп шектелген Ош облустук адвокаттар коллегиясынын жактоочусун кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.
Бул «жардам» үчүн ал 110 миң сом талап кылган.
15-октябрда УКМК тарабынан чогултулган материалдар боюнча Башкы прокуратура жактоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козгогон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча алып жаткан жеринен жактоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул окуяга башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.