20:07
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. 12-октябрдан 19-октябрга чейинки жумада 5887 учур катталып, өткөн жумадагыдай эле деңгээлде калды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, бардык оорулардын 64,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар (3800 учур).

Учурда курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого күзөтчүлөр тарабынан көзөмөл жүргүзүлүүдө. Лабораториялык көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча оорулуулардын арасында күз-кыш мезгилинде салттуу түрдө катталуучу вирустар табылган:

  • аденовирус;
  • респиратордук синцитиалдык вирус;
  • метапневмовирус;
  • парагрипп;
  • риновирус.

Эпидемиологиялык сезон башталгандан бери, 2025-жылдын 40-жумасынан (29-сентябрь — 5-октябрь) тартып бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоонун вирусу аныкталган жок.

Учурда айланып жүргөн вирустардын арасында негизинен риновирус (36,9%), андан кийин аденовирус (26,3%), парагрипп I–IV типтери (21,1%) жана башка вирустар (15,7%) басымдуулук кылууда.

Сасык тумоонун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 63 734 доза «Гриппол+» вакцинасын сатып алып, өлкөнүн бардык региондоруна бөлүштүрдү.

Вакцина биринчи кезекте тобокел тобундагы жарандарга арналган:

  • медициналык кызматкерлерге;
  • өнөкөт оорулары бар адамдарга;
  • көп ооруй турган балдарга;
  • 65 жаштан жогору адамдарга;
  • кош бойлуу аялдарга.

Мындан тышкары, каалоочулар үчүн Бишкек шаарындагы төмөнкү жеке медициналык борборлордо акы төлөп эмдөө жүргүзүлүүдө: «Цадмир», «Кроха», «Малыш», «Интермедикал», «Комфортмедик», «Поликлиника 312».

Вакцинациянын баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин.

Дарыгерлер сасык тумоонун алдын алуу үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоо сунушталат:

  • респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз менен мурунду салфетка менен жабуу жана аны туура жок кылуу;
  • организмдин өтө муздап же ысып кетишинен сактануу;
  • өзүн начар сезген адамдар дене табы жогоруласа же сасык тумоонун башка белгилери байкалса, өз убагында обочолонуу;
  • санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо (колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
  • окуу жана эс алуу тартибин сактоо, ашыкча чарчоодон алыс болуу, таза абада көбүрөөк жүрүү, жетиштүү уктоо жана туура тамактануу;
  • таңкы гимнастика жана дене тарбия менен машыгуу;
  • эгер балада КРВИнин белгилери байкалса, аны мектепке же бала бакчага жөнөтпөө жана дарыгерге кайрылуу;
  • беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар