15:02
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Ошто аймактык башкармалыктарынын башчылары жаңы кызматтык унааларга ээ болушту

Ош шаарында муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчылары жаңы кызматтык унааларга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи.

Бул унаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
20-октябрь, дүйшөмбү