10:49
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду

Эркин күрөш боюнча Олимпиаданын эки жолку байге ээси, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына элчи болду.

Ал 2026-жылы өтө турган улуттук спорттук мелдештерди Кыргызстандын өзүндө гана эмес, анын чегинен тышкары жерлерде да жайылтат.

Социалдык тармактардан алынды
Фото Социалдык тармактардан алынды . Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин каада-салтын жана маданиятын жайылтуу, ошондой эле маданият жана спорт жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт. Бул оюндар салттуу түрдө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди, тажрыйба алмашууну, элдердин ортосундагы диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, балбан Айсулуу Тыныбекова — Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.Уюштуруу комитети билдиргендей, ачылыш аземи Бишкекте өтөт. Оюндардын өзү жана жабылыш аземи Ысык-Көл облусунда болот. Ага 89 өлкөдөн коноктор келери күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар