23:44
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

К.Ташиев КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты

16-17-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук жана чалгындоо органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Аталган мекеменин басма сөз борбору билдиргендей, жыйынга Кыргызстандан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Камчыбек Ташиев КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты

Жолугушууларда КМШдагы коопсуздуктун учурдагы коркунучтары жана аларды зыянсыздандыруу боюнча биргелешкен чаралар талкууланды. Камчыбек Ташиев баяндама жасап, анда атайын кызматтарды координациялоонун жана ыкчам маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы иш сапарынын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдө чек ара кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу, чек арадагы окуялардын алдын алуу боюнча биргелешкен чаралар талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууда биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган макулдашылган чечимдерди кабыл алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар