Борбор калаада Аламүдүн базарында жайгашкан экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, бул токтотмо унаа токтоочу жерлерди үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген. Төлөм QR-код аркылуу кабыл алынат. Төлөм жүргүзгөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.
Буга чейин Бишкекте биринчи жолу Орто-Сай базарында ротордук унаа токтотуучу жай орнотулган.