Бишкектин Ленин райондук милициясы билим берүү мекемелеринде күчөтүлгөн коопсуздук режимин күчөттү. Райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, бул иш-чаралар окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин коопсуздугун сактоого багытталган.
Милиция кызматкерлери мектептердин жанында нөөмөттө болуп, жанаша жайгашкан аймактарды күзөтүп, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүшөт. Коомдук тартипти сактоого, ар кандай окуялардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, райондогу бардык мектептер штаттык режимде иштеп жатат. Абал тынч, коомдук тартип бузуулар катталган жок.