Нарын шаарында облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы имаратынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Курулуш «Ас-Сафа Центр» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, долбоордо төрт кабаттуу, жер төлөсү бар, заманбап эмеректер жана медициналык жабдуулар менен жабдылган имаратты куруу каралган. Жаңы борбор аймактын тургундары үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.
Маалым болгондой, учурдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 1968-жылы курулган. Анын мекемелери тар жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапаты боюнча заманбап стандарттарга жооп бербейт.
Аталган борбор Нарын шаарынын жана анын айланасындагы райондордун 91 500 калкын тейлейт, анын ичинен 28 700 14 жашка чейинки балдар жана 46 100 аялдар.
2025-жылдын тогуз айынын ичинде клиника 101 700 амбулатордук кабыл алууларды өткөргөн.