Кемин районунун Чолок айылында уруксатсыз курулуп жаткан эс алуу жайынын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, Кемин районунун Чолок (Датка-Кемин) айылында жер тилкесин өз алдынча мыйзамсыз пайдалангандар аныкталды. Башкача айтканда, айыл чарба багытындагы жерге уруксат кагазы жок эс алуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акт жана протокол түзүлүп, 200 миң сом административдик айып салынган. Жеринде курулуш иштери токтотулган.