14:49
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Нарын райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

9-октябрда алдамчылыкка шектелип, Нарын РИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, майор К.Н.Т. кармалган.

УКМКнын басма сөз борбору билдиргендей, КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш — чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунун ИИБнын УКЖсына киргизилип, сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Шектүү
Эң көп окулган жаңылыктар
15-октябрь, шаршемби