15-октябрдан тарта «Кыргызкөмүр» ААКсы таш көмүрдү автотранспорт менен ташууга чектөө киргизди. Компаниянын маалыматы боюнча, «Кыргызкөмүр» ишканасына көмүрдүн экспортун жөнгө салуу ыйгарым укуктары министрлер кабинетинин 2025-жылдын 21-июнундагы токтому менен берилген.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде ички рынокто көмүр тартыштыгын болтурбоого жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөөгө багытталган.
Чектөөлөр көмүрдү экспорттоого жана автотранспорт менен ташууларга гана тиешелүү болот. Кырдаал турукташып, ички суроо-талап азайганда экспорт кайра жанданат.
Ошол эле учурда көмүрдү темир жол менен ташып чыгууга, майда көмүрдү сатууга жана экспорттоого эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес. Бул багыттагы иштер адаттагыдай эле уланууда.
«Кыргызкөмүр» ААК өнөктөштөрүнүн жана кызыкдар тараптарынын түшүнүшүүсүнө жана мындан аркы кызматташуусуна үмүттөнөрүн билдирет.