Панфилов районунда 106 миллион сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эсеп палатасы 2024-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана айрым райондук мекемелердин бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзгөн.
Аудиттин жүрүшүндө жалпы суммасы 106,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын 93,1 миллион сому өндүрүлүүгө тийиш болсо, текшерүү учурунда 7,5 миллион сом кайтарылган.
Мыйзам бузуулар бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу, курулуштун баасынын кымбатташы, ашыкча чыгымдоо, мүлктү эсепке алуу тартибин сактабоо, бухгалтердик документтерди бурмалоо боюнча болгон.
Жергиликтүү бийлик органдарына текшерүүнүн жыйынтыгын карап чыгуу жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.