17:00
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Бүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталат

Бүгүн, 15-октябрда өлкөдө жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу 30-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт.

Кабыл алуу жогорку окуу жайлардын келишимдик окутуу формасына гана жүргүзүлөт. ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто жалпы билими жөнүндөгү аттестаты же орто кесиптик билими жөнүндө диплому бар жарандар гана катыша алышат.

Кыргызстандан сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл.

Каттоо боюнча нускаманы жана видеороликти https://testing.kg/videolessons сайтынан көрүүгө болот.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2025-жылдын 20—23-ноябрында өткөрүлөт. Ал эми жогорку окуу жайларга өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестин жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшыруу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-октябрь, шаршемби