21:23
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Ысык-Ата районунда бангизат сатууга шектелген жаран кармалды

Чүй ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизат менен камсыздоо жана таратуу тармагын уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун аймагында жашаган «Р» аттуу жаран жана анын айланасындагы адамдар баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) мыйзамсыз алуу жана андан ары сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөндүгү боюнча маалымат келген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатын мыйзамсыз сатууга шектүү катары 1965-жылы туулган С.А. аттуу жаран аныкталган.

Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы
Фото Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы. Бангизат сатууга шектелген жаран кармалды
С.А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда анын уктоочу бөлмөсүнөн салмагы 158,03 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат салынган таңгак табылып, алынган.

Экспертизанын жыйынтыгында бул зат кара куурай (гашиш) болгон.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар