18:59
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Жасалма утуштар: УКМК мыйзамсыз лотерея уюштуруучуларын кармады

Бишкек шаарында «Ош сила» лотереясы аркылуу алдамчылык схемасын уюштурган адамдардын тобу аныкталды. УКМКнын маалыматы боюнча, жеңүүчүлөр ойдон чыгарылган.

«Катышуучулардын көп санын тартуу үчүн лотерея катары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндөгү (автоунаа, батир, жер) кымбат баалуу байгелер ойнотулду. Жеңүүчүлөр чындыгында ойдон чыгарылган адамдар болуп, бардык байгелер лотереянын уюштуруучуларында калып калышкан. Ошентип, алар карапайым жарандарды адаштырып, алдамчылык иштеринен түшкөн пайданы көбөйтүшкөн».

«Ош сила» лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында буюм далилдери — лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган автоунаалар, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракетти тастыктаган документтер табылып, алынган.

Бул факты боюнча алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз лотереянын уюштуруучулары К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, № 21 тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Кыргызстандын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагында профессионалдык лотереяларды уюштуруучу «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы болуп саналарын эскертип, жарандарды билеттерди сатып албоого жана мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар