23:27
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Египетте Газа тилкеси үчүн ок атышууну токтотуу декларациясына кол коюлду

 Reuters
Фото Reuters. Шарм-эль-Шейхтеги «Тынчтык саммити»
Шарм-эш-Шейхте өткөн «Тынчтык саммитинде» документке Египет, Катар жана Түркиянын өкүлдөрү, ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп кол коюшту.

Декларацияда Израил менен Хамас террордук тобунун Газа тилкесинде ок атышпоо боюнча келишими расмий түрдө белгиленет.

Саммитке жалпысынан 19 мамлекет жана өкмөт башчы катышууда. Евробиримдик жана АКШ тарабынан террордук уюм деп табылган Израил менен Хамас кол коюу процессине катышкан жок.

Бир күн мурун Хамас эки жылдан бери туткунда болгон аман калган израилдик 20 барымтачыны бошотту.

Буга чейин Ак үй Газа тилкесинде жөнгө салуу планын жарыялаган. Ал 20 пункттан турат жана эл аралык катышуу менен убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү талап кылат. Бул пландын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр Египетте өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар