Кыргызстанда 70тен ашык аккредитацияланган лабораториялар унааларды текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу журналисттерге экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.
Анын айтымында, 466 унаа текшерүүдөн өтпөй калган. Себеби, бул унаалар техникалык жактан жараксыз деп табылган же ар кайсы тетиктерден чогултулган, бул өз кезегинде жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
«Мындай кемчиликтери бар унаалар биздин жолдордо болбошу керек», — деп белгиледи ал.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 1-октябрында чет элдик мамлекеттик номурлары бар унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясы аяктаган. Каттоодон өтпөгөн унаалар өлкөдөн чыгарылууга тийиш. Болбосо, алар тетиктер үчүн демонтаждалат жана сыныктары болот.