19:40
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Бадахшан провинциясынын жергиликтүү тургундарына жана Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Бадахшан облусунун губернаторунун орун басары менен жолугуп, этникалык кыргыздардын жашоо шартын, алардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча бийликтин пландарын талкуулады.

Экспедициянын алкагында кардиологдор, тиш дарыгерлери жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу тарабынан 765 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 187си аялдар, 207си балдар болду. Мындан тышкары, жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана бодо менен майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу иштери жүргүзүлдү.

Ветеринардык кызматтын адистери малды кароо иштерин жүргүзүп, эмдөө боюнча кеңештер жана практикалык тренинг өткөрүштү. Натыйжада 10 төө, 40 ат, 367 баш як жана 840 баш кой-эчки текшерүүдөн өткөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар