Евробиримдик Кыргызстанга суу ресурстарын башкаруу тутумун реформалоо жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн 17 миллион евро гранттык жардам бере турганын Каржы министрлиги билдирди.
Келишимге 10-октябрда Брюсселде Global Gateway форумунда кол коюлган.
Каржы министрлиги грант суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоого, инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатууга жана сууну туруктуу пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталганын белгиледи.